Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:29

Жогорку Сот М.Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти карады


Адвокат Леонид Лужанскийдин “Азаттыкка” бүгүн билдирүүсүнө караганда, президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча ишти Жогорку Сот 4-декабрда карап, акыркы чечимин чыгарды. Ал боюнча бул үч адам 13-мартта Кой-Таш айылына жакын жерде жол кырсыгынан каза болгон деп табылды. Жол кырсыгын жасаган деп табылган Ауди-100 автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов күнөөлүү деп аталып, ал 12 жылга кесилди. Соттун жүрүшүндө адвокат Лужанский жол кырсыгын кайрадан комплекстүү иликтеп чыгуу талабын койду. Бирок ал талап Жогорку Сот тарабынан кабыл алынган жок.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG