Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Жер сатуулар боюнча камакка алуулар болду


Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, Ленин районунун аймагында жер боюнча жасалма документтерди жасаганы үчүн Ленин районун акиминин орун басары Д.Осмоналиев кызматынан алынып, камакка алынды. Ошондой эле Ленин райондук акимиятынын кызматкери Н.Мажиевге, Басылбек уулу Айдарга да жер сатуулар боюнча айып коюлду. Ленин райондук акиминин мурунку орун басары Муктар Айткулов да Башкы прокуратуранын сунушу менен Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алынды. Азыркы мезгилде тергөөчүлөр жер тилкелерин мыйзамсыз берилишине байланыштуу ишти иликтеп жатышат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG