Премьер-министр Данияр Үсөновдун билдиришинче, мектептеги каникулду жана дем алыш күндөргө туш келген майрам күндөрүн эске алып, өкмөт 31-декабрдан 11-январга чейинки убакытты эс алуу күндөрү деп жарыялады. Бул эс алуу күндөрү 5 күн иштеген уюмдарга тиешелүү. 31-декабрь иш күнү 26-декабрь ишемби күнгө, 4-11-январдагы иш күндөр 6-февралга чейинки ишемби күндөргө которулат. Өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Энегетика министрлигине майрам күндөрүнүн тиешеси болбойт. (AzK)