Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Пакистанда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү


Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Бектур Асанов Исламабад шаарындагы Соода-өндүрүш палатасында пакистандык ишкерлерге Кыргызстандагы чет элдик инвестицияларды тартуу жана туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү аракеттери туурасында айтып берди. Ал өз сөзүндө өлкөдөгү соода тармагы боюнча мыйзамдар жана инвестицияны коргоо боюнча кепилдиктер чет элдик инвесторлорго жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берерин кошумчалады. Соода-өндүрүш палатасынын президенти Захид Макбул Исламабаддын ишкерлер чөйрөсү эки өлкө ортосундагы соода кызматташтыкты жана байланыштарды жандардырууга колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында пакистандык ишкерлер 2010-жылы Кыргызстанга келип кетүү ойлорун айтышты (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG