Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Түркмөнстанда эски машиналарды алып кирүүгө тыюу салынды


"Азаттыктын" түркмөн кызматы билдиргендей, түркмөн өкмөтү 2000-жылдан мурда жасалган жеңил машиналарга жана жүк ташыгычтарды өлкөгө алып келүүгө тыюу салды. Чектөө келерки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Түркмөндөр негизинен Германиядан жана Бириккен Араб эмираттарынан Тойота, Опел, Фолксваген жана БМВ сыяктуу колдонулган машиналарды алып келишет. Элдин көпчүлүгүндө жаңы машина алууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, эски машиналарды колдонууга тыюу салынышы көпчүлүктү жөө калтырмакчы.

XS
SM
MD
LG