Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Казакстанда жеке турмушту коргоо мыйзамы күчүнө кирди


Жаңы мыйзам башка талаптар менен катар, «адамдын жеке турмушуна байланышкан эч кандай жазма, үн, видео материалды колдонууга же аны алууга» тыюу салат. Президент Назарбаев 8-декабрда кол койгон мыйзамга журналисттер, оппозициядагы саясатчылар, укук коргоочулар нааразылык билдирип келишет. Алардын пикиринде, мыйзам өтө эле жалпы мазмунга ээ жана оппозицияны ооздуктап, сөз эркиндигин чектөөгө ылайыкташкан. Былтыр Назарбаевдин сүргүндөгү күйөө баласы Рахат Алиев бир нече мамлекеттик кызматкердин былык иштерин айгинелеген телефондон сүйлөшүүлөрдү жарыялаган эле. Казак бийликтери ал маалыматты «жалган» деп четке кагышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG