Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Жеңилдик алуучулардын категориясы азаят


Мамлекеттен ар түрдүү жеңилдик алып келгендердин категориясы жаңы жылдан тарта 25ке чейин азаят. Социалдык камсыздоо агенттигинин жетекчиси Назгүл Ташпаеванын кечээ өкмөттүк жыйында билдиргени боюнча жеңилдиктер эми акчалай төлөнө баштайт. Анын белгилешинче Ата мекендик согуштун катышуучулары үчүн бир катар жеңилдиктер каралган, бирок алар андан дайыма эле пайдалана беришпейт. “Ардагерлер көбүнчө ошол жеңилдиктерди акчалай берүүнү суранышат, анткени КМШ өлкөлөрүнө жыл сайын акысыз барууну баары эле каалай беришпейт, алар үчүн бул каражатты дары-дармекке жумшаган оң экен,” дейт А. Ташпаева.

Келерки жылдын бюджетинде жеңилдиктер үчүн 843 млн. сом каралган. Ал эми анын ордуна акчалай төлөөгө(монетизация) 1,4 млрд. сом зарыл.(ZKo)

XS
SM
MD
LG