Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Пакистан: АКШлык 5 жаран согушкерлер менен машыгууну көздөшкөн


Пакистандын коопсуздук органдары билдиргендей, бир нече күн мурун Пенжабда кармалган америклык 5 жаш мусулман "Ал-Кайида" менен байланыштагы топтор менен жолугушуп, машыгуудан өтүүнү өтүнүшкөн. Бирок ишеничтүү адамдардан тиешелүү каттары жок болгондуктан, алар кабыл алынган эмес. Пакистан күч органдарынындагы дагы бир булактын ырастоосунда, америкалыктар Пакистандын түндүк-батышында жихадга катышууну жана Ооганстандагы АКШлык аскерлерге каршы күрөшүүнү каалашкан. Вашингтондогу пакистандык дипломаттардын бири алар согушкерлер менен адегенде Интернет аркылуу байланышууга аракеттенип, кийин жеке жолугушуу үчүн Пакистанга аттанышкан болушу керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG