Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

ИИМ 11 айдын жыйынтыгын чыгарды


Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 11-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, анда 11 айдын ичинде жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Ал маалыматка караганда, бул мезгилдин ичинде коррупцияга байланыштуу 726 кылмыш ачылып, 181 млн сом зыян алып келгени аныкталды. Анын ичинен 104 млн сом кайтарылды. Диний экстремизмге каршы күрөштө 15198 баракча, китеп, 13 мылтык, 3 граната, ок-дарылар алынган. Жалпысынан экстремисттик жана террордук уюмдарга тиешеси бар деп эсептелген 1457 киши каттоодо турат. Адам соодалоонун 60 фактысы аныкталып, ал боюнча 14 кылмыш иши козголду.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG