Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Кытайдагы көргөзмөдө кыргыз студенттери биринчи болушту


Кытайда өткөн “Дүйнө элдери менен байланыш жана алардын маданияты” деген аталышта көргөзмө өтүп, анда ошол жакта окуган кыргызстандык студенттер биринчи орунду ээлешкен. Бул тууралуу “Ата-Мекен” партиясынын жаштар канатынын өкүлү Калысбек Боромбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көргөзмөдө кыргыз жаштары өлкөнүн каада салтын, маданиятын тарых менен айкалыштырып, ошондой эле кытай эли менен кыргыздардын байланышын сахналаштырып корсөтүп беришкен. Мындан сырткары “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын дагы бир өкүлү, Кытайда билим алып жаткан Эдилбек Эргешов "Манас" эпосунан үзүндү айткан. Көргөзмөгө 30-40 өлкөдөн катышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG