Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Ташиевдин жердештери ташкындады


Жалал-Абад облустук бийлигине келген Камчыбек Ташиевдин жердештери экс-министрди өкмөттүн курамында калтырууну талап кылышты.

11- ноябрда Жалал-Абад областтык бийлигинде түшкө дейре болгон адамдардын тобу, алардын өкүлү Амангелди Төрөканов айткандай, премьер-министр Данияр Үсөнов менен өз жердеши Камчыбек Ташиевди ынтымакка чакырды:

- Биз облустук бийликке Барпы айылындагы элдин атынан президент К. Бакиевге кайрылуу менен келдик. Курманбек Салиевич министр Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетүү арызын кабыл албай, өкмөттүн курамында сактоо менен иштетүүсү максатка ылайыктуу. Министрликке бөлүнгөн акчалар мыйзамсыз иштетилбептир, министрлик Бишкектен Ошко көчүрүлгөндө анын кызматкерлери үчүн курулган турак- жайларга жумшалыптыр. Анын эмнеси максатсыз чыгымдоо?- дейт Амангелди Төрөканов.

Премьер-министрдин сунушу менен бүгүн Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгы чыкканы белгилүү болду. Ага тынчсызданган Барпы айыл өкмөтүнөн келген топтун башчысы Камбар Тургунбаев аттуу карыя аталган кыштак адамдары бийликтин жообуна жараша мамиле кылаарын билдирди:

- Камчыбек Ташиевди бир эле Барпы эли эмес кыргыз журту колдойт. Эми биздин айылдаштар карап, жөн турбайт. Чоң чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Аксы окуясын билесиң, иним! Аксы трагедиясынан да катуураак чыр чыгышы ыктымал. Камчыбек Ташиевдин эмгегин баалап, өкмөттүн курамында калтырсын!

Экс- министрдин тарапкерлерин кабыл алган губернатордун орунбасары Турдуназир Бекбоев минтип айтты:

- Менде деле силер сыналгыдан көргөн- уккан маалымат. 2010- жылдын бюджетин бекитип атканда, премьер- министр айтпадыбы, ар бир беренеге бөлүнгөн акчаны максатка ылайыктуу жумшагыла деп...Резервдик корго мисал үчүн он миллион сом акча берилген болсо, ошол жерде турушу керек. Башка нерсеге жумшалбашы керек. Ар бир берене боюнча акча бөлүнүт да, буга үй курасың, буга жол курасың деп....Резервдик кор деген кокус табият кырсыгы – жер титиресе же жер көчкү жүрсө, ошол акчаны күйүүчү майга иштетүүсү, ал акча дайыма турушу керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG