Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Таласта чочко тумоосуна 7 адам чалдыкты


Учурда Бакай-Ата районунда 4 адам чочко тумоосу менен ооруса, Талас шаары менен Манас районунда бирден адам мындай илдет менен ооруканага жатып, дарыланып чыгышты. Талас аймактык санитардык-эпидемиологиялык борбордун жетекчиси Жакып Айдаровдун “Азаттыкка” берген маалыматына таянсак, дагы бир таластык тургун Бишкектеги ооруканалардын биринде аталган дарттан дарыланууда.

Талас облусунда былтыр 11 айдын жыйынтыгында 4 миң 842 адам кадимки сасык тумоо менен ооруса быйыл андай ооруга чалдыккандардын саны 13 миңге жетти.(UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG