Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Ээнбаш директорлор ээрде калды


Акча чогултуу илдетинен бир да мектеп кур эмес
Акча чогултуу илдетинен бир да мектеп кур эмес

Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде ата-энелерден акча чогултууда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алууда. Бул айрыкча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй боорундагы мектептерде күчөгөн көрүнүшкө айланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы бүгүн ушул маселени карап, ондогон мектеп жетекчилерине, райондук жана шаардык билим берүү органдарынын башчыларына сөгүш жарыялады.

Акча чогултуу илдетине илинбеген мектеп жок

Аталган министрлик Жогорку Кеңеш, Коомдук Палата жана Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик менен биргелешкен комиссия түзүп, мектептердеги мыйзамсыз акча жыйноо фактыларын текшерип чыккан. Билим берүү министри Абдылда Мусаев комиссия ушул жылдын октябрь айында Бишкек, Ош шаарларында жана Чүйдө арыз-даттануулар көбүрөөк түшкөн жүздөн ашык мектепти текшергенин айтты:

Билим берүү министри А. Мусаев
- Текшерүүнүн жыйынтыгында чыны менен эле балдардын Конституцияда көрсөтүлгөн акысыз билим алуу укуктары айрым учурларда бузулуп жатканы, мыйзамсыз акча чогултуу фактылары бар экендиги аныкталды. Ал биринчи кезекте билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин көзөмөлдөө жана координациялоо иштеринин жетишсиздигинен, начардыгынан улам болгон.


Министр мектептерде акча чогултуу ыктыярдуу түрдө эмес, ата-энелерди мажбурлоо жолу менен жүрүп жатканын баса белгиледи.

Бишкек шаарындагы мектептерде ата-энелерден жылына 700 миллионго чейин акча топтолот.
2006-жылга чейин окуу жайлары ата-энелерден мектептердин ремонтуна жана окуу китебинин ижара акысына милдеттүү түрдө акча алып келишкен. Мындан үч жыл мурда мамлекет мектептердин ремонтунун жана окуу китептердин чыгымын бүтүндөй өзүнө алып, акча чогултуу жоюлган болчу.

Бирок ага деле болбой, мектептерде акча жыйноо көрүнүштөрү токтобой, ал түгүл жылдан жылга күчөп баратканы жөнүндө коомчулукта көп нааразылык айтып келатат.

Министрликтин өкүлдөрүнүн айтымында, мектеп жетекчилери ар кандай коомдук фонд жана бирикмелерди түзүп, иш жүзүндө аларга жамынып алып, ээнбаштык жана көзөмөлсүз менен акча жыйноого кынык алып көнүшкөн.

Акча чогултуу илдетинен бир да мектеп кур эмес. Өзгөчө баш калаадагы статустуу мектептерде окуучулар айына 400-500 сомдон акча беришет. Мындан сырткары биринчи класска кабыл алууда, ар кандай иш чараларды өткөрүүгө, бүтүрүү кечелерин уюштурууга жана башка ар кандай иш чараларга деп, толгон-токой шылтоолор менен эсепсиз акча жыйналат.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жүздөй мектеп бар. Быйыл бул мектептерден баш-аягы жүз миллиондой сом чогулган. Ал эми “Кутбилим” гезитиндеги маалыматтарга караганда, бир эле Бишкек шаарындагы мектептерде ата-энелерден жылына 700 миллионго чейин акча топтолот.

Ата-энелердин акча каражаттары бүтүндөй мектептерде түзүлө турган Камкорчулар кеңешинин көзөмөлүнө өтүүгө тийиш.
Бишкек шаардык билим берүүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлиги башында турган комиссиясынын тыянагы менен макул эместигин билдирди. Анын айтымында, деректирлер мамлекеттик казынадан келген каражаттын тартыштыгынан ата-энелерден акча чогултуп, мектептин материалдык маселелерин чечип жатат. Ошондуктан шаар мектептериндеги билимдин сапаты алда канча жогору дейт Г. Кудайбердиева:

- Ооба, шаардагы мектептер быйыл 95 миллион сом чогултушту. Алардын алтымыш пайызы мугалимдердин айлыгына кошумча акы катары төлөнөт. Бул мектептердеги мугалимдер таңсыктыгын жоюуга жардам берет. Бүгүнкү күндө шаарда жүз отуздай гана мугалим жетишпейт.

Гүлмира Кудайбердиева ата-энелерден келген акча мектептин ремонтуна, а түгүл китептерди алууга жумшаларын мамлекеттик казынадан келген акча мектептердин чыгымын таптакыр жаппай турганын айтты.

Шаардык мектеп деректирлери Билим берүү министрлигинин коллегиясынын жыйынында Г. Кудайбердиеванын сөзүн шатыра кол чабуу менен кабыл алышты. Бирок өздөрү мектептердеги мыйзамсыз акча чогулутуу фактысын төгүндөп жооп берүүдөн караманча баш тартышты.

Ата-энелерден жыйналган акчаларды колдонуунун укуктук механизми жолго коюлган эмес, директорлор ар кимиси өз билген талканын чалып келген. Билим берүү жана илим министрлиги жакында гана мектептердин каржылык ишмердигин жөнгө салуунун укуктук жолун түптөй баштады.

Министрдин буйругуна ылайык, ата-энелердин акча каражаттары бүтүндөй мектептерде түзүлө турган Камкорчулар кеңешинин көзөмөлүнө өтүүгө тийиш.

"Токочтуу бала сүймөнчүк" болобу?

Билим берүү министрлиги ата-энелерден акча чогултуу тажрыйбасынан баш тартуу тууралуу ою жок. Бар болгону минтип акча чогултууларды мыйзамдык жолго салууну көздөп жатат.

Бул максатта Камкорчулар кеңеши тууралуу жобо иштелип чыкты. Жобого ылайык акча чогултууну мектеп башчылары эмес, ошол кеңештин мүчөлөрү жүргүзөт. Мүчөлөр болсо ата-энелерден куралат. Мектептерде нак акча чогултууга тыюу салынып, мындай операциялар атайын эсеп-кысап жайлар аркылуу жүргүзүлөт.

Билим берүү министри Абдылда Мусаев мыйзамсыз акча жыйноого ашкере кынык алган он чакты мектеп деректирлери кызматтан алынып, дагы бир канчасына сөгүш жарыяланарын билдирген эле. Бирок жыйын соңунда кызматтан алуу болбой, сөгүш жарыялоо боюнча чектелишти.

Айрым байкоочулар мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларды тыюу үчүн министрлик катаң чараларга барган жок деп сындап чыгышты. Анан калса эми Камкорчулар кеңеши түзүлүп, колунда бар ата-энелерден акча жыйноо формасына өтсө “акча берген ата-эненин баласы жакшы, ал эми акча бербегендердики жаман” сыяктуу мамилелердин түзүлүшүнө, социалдык теңсиздиктин курчуп кетишине алып келиши ыктымал. Бир эле Бишкекте мектеп окуучулардын жыйырма пайызга жакыны социалдык каруусу бош үй-бүлөнүн балдары.

XS
SM
MD
LG