Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Кыргызстандын дарыгерлери Кипрде кардиологдордун конгрессине катышууда


10-14-декабрда өтүп жаткан түрк тилдүү жүрөк дарыгерлеринин Дүйнөлүк конгрессинин катышуучулары жүрөктүн түрдүү илдеттерине чалдыккандарды текшерүү жана дарылоодогу нормативдик актарды колдонуунун проблемаларын талкуулашууда.
Түндүк Кипрде өтүп жаткан конгресске отуздан ашуун өлкөдөн бир жарым миңдей адистер келишкен. Кыргызстандан Жүрөк, кан тамыр жана өпкө ассоциациясынын президенти Талантбек Батыралиев жана Зарема Ниязова-Карбен катышууда.

Кыргызстандагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо институнунун маалыматында жүрөккө операция жасатуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө. Айрыкча балдар мындай жардамга көп муктаж болууда. 2008-жылы тогуз миңден ашуун жүрөккө операция жасалса, анын 65% балдар түзгөн. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG