Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

К.Ташиевди колдоо акциясы Сузактын Төбөл айылында өтүүдө


Бишкек-Ош жолунун боюна чогулган жергиликтүү тургундар мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчибек Ташиевдин кызматтан алынышына нааразылык билдирип, президент Бакиевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда өлкө башчысынан үч өтүнүч айтылган: Биринчи, маалымат каражаттарынын К.Ташиевди каралоону токтотуу, экинчи - премьер министр Данияр Үсөновдун кызматтык жагдайын караштыруу жана үчүнчү - К.Ташиевди кайра кызматка коюу. Кайрылуу чогулган элдин алдында Сузак районунун акими Тажимамат Шаболотовго тапшырылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Ы. Абдраимов окуя болуп жаткан жерден билдирди.
Катышуучулардын айтымында, чогулгандардын саны беш жүздүн тегерегинде, ал эми тартип коргоо кызматкерлеринин маалыматында жүз элүүдөй киши көчөгө чыкканы кабарланууда. Кызыл тасмага жазылган “Камчыбек – Эл сени менен!”, “Данияр Үсөнов кызматтан кетсин!”, “Данияр Үсөнов кызматтан кетмейинче эл кетпейт!” деген чакырыктар илинип турат. Чогулгандарга Ички иштер министрлигинин областтык бөлүмүнүн, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көз салууда. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG