Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

К. Ташиев элге кайрылуу таратты


Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев анын кызматтан кеткендигине байланыштуу эч кандай каршылык акцияларын өткөрбөөнү суранат. «Мен ээлеген кызмат, менин менчигим эмес - мамлекеттики, «бирөө келет, бирөө кетет». Бул табигый көрүнүш. Жумуштан өзүмдүн каалоом менен кеттим. Өкмөт башчысы менен бирге иштеше албасымды билдим»,- деп жазат өз кайрылуусунда Ташиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мүлккө кол салбаганын, бирок сыналгы аркылуу аны каралоо иши уят экенин билдирет. Ал эми министрликтин кызматкерлери четтен келген гуманитардык жардамдын эсебинен беш миллион сом өкмөткө салык төлөп коюшканын, кийин мыйзам боюнча ал каражат облус губернаторунун эсебине которулганын тастыктайт. Ошондой эле К.Ташиев эгерде уурдоо же туура эмес чечим кабыл алынган фактылар болсо, мыйзам алдында министрликтин кызматкерлери менен бирге жооп берүүгө даяр экендигин да билдирет.

Кайрылуунун аягында, мурдагы министр К.Ташиев: “Беш жыл саясатта жүрсөм, беш жыл Бакиев Курманбек Салиевичти колдоп келе жатам. Мен аны жердешим катары эмес, элдин башчысы, журт атасы катары сыйлайм жана мындан ары дагы колдойм» деп, каршылык акциясына чогулган элдин тынч тарап кетүүсүн өтүнгөн.

Мурда кабарларда айтылгандай, 11-декабрда мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулган. Ага 10-декабрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Д.Үсөновдун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корундагы 18 млн сомду министр Камчыбек Ташиев мыйзам бузуу менен пайдаланганын жана андай иштер кайталанса кызматтан аларын билдиргени, андан кийин ал экөөнүн кайым айтышып кеткени себеп болгон. (GA)

XS
SM
MD
LG