Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Мунай баасы сегизинчи күн катар төмөндөдү


Нью-Йорк биржасындагы кечээги сооданын жыйынтыгында кара майдын наркы октябрь айынан бери биринчи ирет 70 доллардан ылдыйлады. Башкача айтканда мунайдын бир баррели бул ирет 69,87 долларга сатылды. Кара майдын арзандоосу АКШ долларынын еврго карата курсу өсүп жаткан учурга туш келүүдө. Азыр 1 евро 1 доллар 46 центке бааланып жатат. Доллардын курсу өсө баштаар алдында АКШда ноябрь айында чекене сооданын көлөмү күтүлгөндөн жогору болгондугу тууралуу маалымат жарыяланган.

XS
SM
MD
LG