Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:41

Шекер айылында Ч.Айтматовдун жаңыртылган музейи ачылды


Залкар жазуучунун кичи мекени Кара-Буура районунун Шекер айылында Чыңгыз Айтматовдун оңдолуп түзөлгөн музейинин ачылышы болду. Аны Талас областтык мамлекеттик администрациясы жана Талас областтык театрынын жамааты уюштурган. Улуу жазуучунун өмүр жолун чагылдырган “Тоолор кулаганда” тасмасы көрсөтүлдү жана театр артисттери Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү ойношту. Мындай маалыматты "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эсенгелди билдирди. Шекер айылына Бишкектен жазуучунун бир туугандары Роза жана Ильгиз Айтматовдор, Маданият агенттигинин башчысы Султан Раев, Айтматовдун чыгармачылыгын урматтаган кесиптештери, окурмандары барышты. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG