Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

Түштүк Вазирстандагы аскерий операция аяктады


Пакистан армиясы өлкөнүн уруулар жашаган Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө Талибанга каршы операциясын аяктаганы тууралуу премьер- министр Юзуф Реза Гилани билдирди. Бирок анын айтымында, армия согушкерлердин изине Ооганстанга чектеш аймактардын башка бирөөсүндө түшүүсү мүмкүн. Аскерий соккуну Оракзай деген аймакка которууну Пакистан өкмөтү бүгүн талкуулаган жатат. Оракзай узактан бери Талибандын Пакистандагы лидери Хакимулла Мехсуддун адамдарынын таяныч бекети катары саналчы. Эми Түштүк Вазирстандан качкан согушкерлердин көбү ошол жакка өтүп кеткен деп эсептелүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG