Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Кытай президенти газ куурун ачуу үчүн Борбор Азияны кыдырууда


Ху Цзиньтао аймактагы сапарын бүгүн Казакстандан баштады. Андан соң Түркмөнстанга барат. Ал жерде дүйшөмбү күнү
Түркмөнстан – Кытай газ куурунун бет ачар салтанаты өтмөкчү. Узундугу 1833 чакырым келген куур Түркмөнстандан башталып, андан соң Өзбекстан жана Казакстан аймагы аркылуу өтүп, Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районуна чейин жетет. Кабарларга караганда, куур толук кубаттуулукта иштеген шартта жылына 40 миллиард кубометр газ өткөрө алат.

Бүгүн Астанада, КазМунайГаз мамлекттик компаниясынын башкеңсесинде президенттер Нурсултан Назарбаев жана Ху Цзиньтаонун катышуусу менен ушул куурдун казак бөлүгүнүн ачылыш салтанаты болду.

Түрмөнстан – Кытай кууру Орусиянын Борбор Азия газы тышкы базарга алып чыгуудагы ролу басаңдатуучу долбоор катары каралууда. Кытай болсо насыя тартуулоо, энергия менен байланышкан долбоорлорго миллиарддаган доллар инвестиция салуу менен аймактагы таасирин күчөтүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG