Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Таиланддын аэропортунда ири өлчөмдө курал-жарак алынды


Салмагы бир нече тонна келген курал - жарак өлкө башкалаасы Бангкоктун аэропортуна конгон учактан табылды. Учактын бортундагы беш чет элдик жаран камакка алынды.Таиланддык расмий өкүлдөрдүн айтымында, учак Түндүк Кореянын борбору Пхеньяндан Шри Ланка бара жаткан жана май кую үчүн Бангкоктун аэропортуна конууну суранган. Полиция учактын бортунан тапкан курал - жарактын арасында ракеталар, жардыруучу заттар болгон. Экипаждын камалган беш мүчөөсүнүн төртөөсү Казакстандын, бирөөсү Беларустун жараны экени айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG