Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

АКШ жана Орусия президенттери телефондон сүйлөштү


Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин кечээги сүйлөшүүсүндө өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча мөөнөтү аяктаган келишимди алмаштыруучу жаңы документти даярдоонун жүрүшү талкууланды. Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими деп аталган документтин мөөнөтү быйыл 5- декабрда аяктаган. АКШ менен Орусиянын өкмөттөрү алардын колундагы өзөктүк дүрмөттөрдүн санын мындан ары да кыскартууну кароочу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келүүдө. Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббстын ушул аптада билдиргенине караганда, эки тарап бул маселеде жылыш жасоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG