Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Чукул кырдаалдар министрлиги текшерүүгө алынды


Эсеп палатасынын башчысы Искендер Гаипкуловдун журналисттерге билдиргени боюнча текшерүү учурунда министрликтин чарбасындагы 58,5 млн. сомдун максатсыз жумшалгандыгы аныкталды. Анын айтуусунда тендер өткөрүүдө бир катар мыйзам бузууларга жол берилген. Мунун ичинде министрликтин “Спецтехника” жеке ишканасы менен түзүлгөн келишимдери көпкө чейин ишке ашпай, мындан жеке ишкана эч кандай жоопкерчилик тарткан эмес. Эсеп палатасынын жүргүзгөн текшерүүлөрү боюнча каржы полициясы да иш алып барууда. Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын башчысы Нурбек Кадыровдун маалыматы боюнча министрликти күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуудагы мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 4,6 млн. сом зыян келтирилген. Учурда каржы полициясы тарабынан жогоруда айтылган бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен иштеше албастыгын билдирип, кызматтан кетүү арызын 10-декабрда президентке жолдогон. 11-декабрда президент К. Ташиевди өкмөт башчынын сунушу менен кызматтан алгандыгы тууралуу жарлыгын чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG