Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Жайыт реформасына арналган жыйын өтүүдө


“Жайыт реформасы –көйгөйлөр жана келечеги” деп аталган жыйын айыл чарба министрлигинин жайыт департаменти тарабынан өткөрүлүүдө. Ушул тапта Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында өтүп жаткан жыйындын катышуучулары жаңыдан ишке кирген жайыт мыйзамы, жайыт комитеттеринин иши жана жайыттардын чек арасын бөлүү маселелерин талкуулашууда. Анда жайыт комитеттеринин иши, жайыттардан төлөнө турган салык, жайыт пайдалануучулардан алынуучу акы тууралуу кенен сөз болду.
Иш-чарага ЖК депутаттары, Кыргызстандын бардык аймактарынан жайыт комитететтеринин башчылары, жайыт пайдалануучулар катышып жатышат.

Жайыт боюнча жаңы мыйзам 2009-жылдан тартып ишке киришти. Ага ылайык жайыттар ижарага берилбейт, жайыттарга жайыт комитети ээлик кылып, анын инфраструктурасын жакшыртууну колуна алат.
Кыргызстанда 9 млн. гектардан ашуун жайыт бар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG