Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Түндүк кореялык учактын экипажы дагы 12 күн камакта болот


Түндүк кореялык учактын экипажы курал транспортуна байланыштуу дагы 12 күн камакта болот. Учкучу Беларус, экипаждын калган төрт мүчөсү Казакстан жарандары болгон учак Таиланддын баш калаасы Бангкокко май куйдурганы конгондо тинтилген эле. Учактан ракеталар, ракета менен атылуучу гранаталар жана башка курал табылган, бирок экипаждын мүчөлөрү «учакта эмне бар экенин билген эмеспиз» деп ырасташууда. Таиланд соту аларды дагы 12 күн кармап, тергөөнү улантууга өкүм кылды. Күнөөлүү деп табылса, кармалгандар өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Грузияда катталган учак кайда баратканы маалымдала элек. Түндүк Кореяга Бириккен Улуттардын эмбаргосу менен курал сатып, андан курал алууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG