Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

«Хамас» өзүнүн 22 жылдыгын белгилөөдө


Palestine -- Hamas supporters attend a rally to mark the 22nd anniversary of the Islamist movement's founding, Gaza City, 14Dec2009
Palestine -- Hamas supporters attend a rally to mark the 22nd anniversary of the Islamist movement's founding, Gaza City, 14Dec2009

Бүгүн - 14-декабрда Газа тилкесинде 2007-жылы бийликке келген Хамас радикалдык тобу өзүнүн 22 жылдыгын белгилөөдө. Ага миңдеген палестиндиктер тилектештигин билдирип, майрамдашууда.

Газадагы негизги көчөлөр, андагы имарат, үйлөр Хамастын желектери менен шөкөттөлдү. Хамастын лидерлери майрамда ар кандай окуяларды, анын ичинде «күтүлбөгөн белектерди» убада кылышууда.

Борбордук Катиба аянтында ислам тобунун жашыл желектерин булгалап, миңдеген адамдар кылкылдайт.

Бул өткөн жылы Израилдин Газага жасаган чабуулунан кийинки биринчи ушундай ири майрам. Хамастын лидерлери аламан элди чогултуу менен Израиль жана Египет чек арасынын жабылышынан кийин жоготуп койду делген кадыр-баркы дале болсо күчүндө экенин далилдөөдө.

Жыйында Хамастын премьер-министри Исмаил Ханиянын сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Ал арада миңдеген элге алдын ала жазылып коюлган үн ырдын коштоосунда үн күчөткүч менен "Мен Алланын атынан ант берем. Мен Алланын атынан ант берем. Мен азаттык үчүн күрөшөм. Мен эркиндик үчүн күрөшөм!", - деп атты.

Хамас 1987-жылы уюшулган. Кошмо Штаттары да, Еврошаркет дагы Хамасты террордук уюм катары баалайт. Ага эл аралык коомчулуктун көңүлү уюм Израилге каршы экинчи ири көтөрүлүшүндө бурулду. Уюм 2000-жылдан тартып уюм активдешти, анын аракеттеринен улам Израилдин аймагындагы жүздөгөн жайкын тургундар каза табышты.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан Лидс университетинин Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Клайв Жонстун айтымында, Израилдин чабуулу менен Египеттин чек арадагы экономикалык катуу чараларына карабай, Хамасты палестиндердин баары колдобосо дагы, анын көпчүлүк арасында кадыр-баркы бар.

Хамас 2006-жылдын июнунда колго түшүрүлүп, ошондон бери камакта жаткан израилдик аскер Гилад Шалитти бир нече, балким, жүздөгөн палестиндерге алмашууну ушул бүгүн сунуштайт экен, деген да маалыматтар тарады.

Бирок ошентсе да, Шалитти туткундан бошото турган узакка созулган оор сүйлөшүүлөрдүн аягы көрүнчүдөй эмес. Клайв Жонстун айтымында, азыр Израиль Газа тилкесин блокадага алганы үчүн Батыштын, анын ичинде Улуу Британиянын сынына кабылды. Эми Израиль Еврошаркеттен да ушундай сын угушу ыктымал.

Эгер Израиль камакта кармап келаткан көптөгөн палестиндерди бир аскерине алмашып жиберсе, бул - Хамастын зоболосун дагы бир ирет көтөрүп салмак. Ал болсо Батыш жээкти көзөмөл кылып турган, батыш менен ымаласы бар президент Махмуд Аббастын тарапкерлерине жакпай турганы белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG