Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Копенгагенде саммиттеги жаңжал токтотулду


Бириккен улуттар уюмунун жетекчилигинде өтүп жаткан саммитте 192 өлкөнүн өкүлдөрү климаттагы өзгөрүүнү талкуулап жатышкан. Өнүгүп келаткан өлкөлөр абага чыгарылуучу булганыч газды азайдууда көбүрөөк жоопкердикти өнүккөн өлкөлөр өздөрүнө алышы керектигин талап кылып, кечээ конференцияга катышуудан баш тартышкан эле. 18-декабрда саммит жыйынтыкталат жана анын жабылышына 110 мамлекеттин башчылары катышат деп күтүлүүдө. Өнүгүп бараткан мамлекеттерди кайра саммитке катышууга кантип көндүрүшкөнү азырынча айтыла элек.

Бул саммиттин башкы максаты – атмосферадагы булганыч газдын көлөмүн кыскартууну так көрсөткөн документке жетишүү. Ал документ буга чейинки Киото протоколунун оордуна иштемекчи.

Ал аралыкта Даниянын полициясы Копенгаген саммити учурунда демонстрацияга чыккандарды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газды, сууну колдонду. Кабарларга караганда, конференция башталгандан бери полиция 1300дөй адамды кармаган.

XS
SM
MD
LG