Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

АКШ Иран түрмөсүндөгү үч америкалык туристти бошотууга чакырды


Мындай чакырыкты кечээ АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон жасады. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки ал туристтер жакын арада соттолоорун кечээ айткан эле. Американын жарандары быйыл июлда Ирактын Иран менен чектеш аймагында кармалышкан. Моттаки туристтерди кандай айып менен соттошоорун тактаган жок. Бирок буга чейин аларды Ирандын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган, "тыңчы болушу мүмкүн" деп айыпташкан.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон болсо ал туристтерге айтылган айып боюнча эч кандай далил табылбаганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG