Линктер

ишемби, 25-февраль, 2017 Бишкек убактысы 17:55

Бүгүн Коомдук парламент өкмөттүн энергетикалык саясатын талдайт


Жыйында энергетикага жана жылуулукка баанын кескин жогорулап кетиши боюнча талкуу болот. Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечим президентке, парламентке жана өкмөткө жөнөтүлөт. Кыргызстанда жаңы жылдан тарта электр энергиясынын баасы эки эсе, ал эми жылуулуктун баасы он эсе көтөрүлмөкчү. Айрым серепчилер баалардын кескин жогорулашы өлкөдө жакыр адамдардын санын көбөйтөт деп чочулап жатышат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG