Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Өрт коопсуздугу боюнча рейд жүрүүдө


Мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын өрт коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ташмамбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул күндөрү борбордогу көңүл ачуу борборлорунда, окуу жайларда өрт коопсуздугун текшерүү иштери жүрүп жатат. 11-декабрда башталган рейд иштери 25-декабрга чейин созулат. Дем алыш күндөрү 369 объект текшерилип, кооптуу делген 30 объекттин иши токтотулган. Административдик жоопкерчиликке 48 адам тартылып, айыптардын саны 13 миң сом болгон. Өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлери тарабынан 313 жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 46 телерадио берүүлөр даярдалган. Мындай иш-аракет жаңы жыл майрамдарына карата коопсуздукту күчөтүү максатында уюштулуп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG