Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Кыргызстанда ыктыярчылардын маалыматтык базасы түзүлөт


Бул туурасында “Азаттыкка” БУУнун Өнүгүү программасындагы жаштар программасынын коом менен байланыш боюнча адиси Айнура Жапарова билдирди. Анын айтымында, бул маалыматтык база ар кандай уюмдар менен ыктыярчылардын ортосундагы байланышты бекемдейт. Уюмдар жана ыктыярчылар базадан акысыз түрдө каттоодон өтө алышат. “Мурда ыктыярчылар менен уюмдар бири бирин табыш үчүн БУУнун жаштар программасына келип, колго анкета толтурушчу. Эми алар өз кызыкчылыктарына жараша бири-бирин жеңил жол менен таба алышат. Бул өз ара кызматташууга мыкты шарт түзөт. Биз ыктыярчылык менен жаштардын активдүүлүгүн күчөтүү максатын көздөйбүз”, деп кошумчалады Айнура Жапарова. Учурда Кыргызстанда 120 ыктыярчы түрдүү тармакта иш алып барат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG