Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Балдардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду


“Кыргызстандын келечеги биздин колубузда” аттуу балдар көргөзмөсү “Сейтек” балдар борборунда өттү. Анда жайкы жана кышкы лагерлерге катышкан 4-7-класстын окуучуларынын тандалган 250 эмгеги көрсөтүлдү. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча өкүлчүлүгүнүн (ЮСАИД) жетекчиси Пэт Р. Шапиро айымдын билдиришинче ЮСАИД аталган лагерлерди каржылап келет. Лагерлердин негизги максаты - балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана алардын лидердик жөндөмүн өстүрүп, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөтүү болуп саналат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанатында 13 жеңүүчүгө атайын сыйлыктар берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG