Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Бакыт Төрөбаев чукул кырдаалдар министри


Буга чейин “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңеште депутат болуп иштеген Бакыт Төрөбаевди чукул кырдаалдар министри кылып дайындоо тууралуу президенттин жардыгы бүгүн чыкты. Бүгүн саат 13:30 өкмөт башчы Данияр Үсөнов жаңы министр менен чукул кырдаалдар министрлигинин эмгек жамаатын тааныштырды.
Мурдагы министр Камчыбек Ташиев премьер-министр Д. Үсөнов менен иштеше албастыгын айтып, өкмөттүк жыйындан чыгып кеткенден кийин 10-декабрда кызматтан бошотуусун өтүнгөн арызын президентке жолдогон. Президент К. Бакиев 11-декабрда К. Ташиевди премьер-министрдин сунушу боюнча деген себеп менен кызматынан алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG