Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Өрртөн каза тапкандардын саны 148ге жетти


Перм крайындагы «Аксак ат» деп аталган түнкү клубда болгон өрртөн каза тапкандардын саны 148ге жетти. Маалыматтарга караганда, ооруканада өткөн түнү дагы эки киши каза тапты. Москва, Санкт-Петербург, Перм жана Челябинск ооруканаларында дагы 80ден ашуун адам жатат. Крайдын прокуратурасы аймактык өрт коопсуздугуна көзөмөл салуучу органга жана түнкү клубду текшерген инспекторго каршы кылмыш ишин козгогон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG