Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

“Таза суу” долбоорунун 2-этабы ишке кирет


“Таза суу” долбоорунун 2-этабы Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы 70 айылда ишке кирмекчи. Долбоорду ишке ашырууга 18,37 млн. доллар бөлүнөт. Анын ичинен 2,04 млн. долларды кыргыз өкмөтү табат, 10 млн. долларды Дүйнөлүк банк берет, ал эми 6 млн. 330 миң долларды Британиянын өнүктүрүү банкы бөлмөкчү. Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн казуу иштерин жүргүзүүнү кыргыз өкмөтү өз колуна ала турган болду. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик тарых музейинде өткөн жыйында айтылды.
Кыргызстанда жалпысы болуп 1758 айыл бар. Союздун тушунда 1200 айылда таза суу болгон, ал эми 570 айылда такыр болгон эмес. “Таза суу” долбоорунун 1-этабында 503 айыл ичүүчү суу менен камсыз болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG