Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Коомдук парламент: Эл өкмөттөн жооп күтөт


Коомдук парламенттин бүгүнкү отурумунда энергетикага баалардын көтөрүлүшү негизги маселе катары каралды. Отурумдун катышуучулары баалардын кымбатташы - элдин социалдык абалын төмөндөтөт деген чечимге келип, аягында резолюция кабыл алышты. Анда энергетикага жаңы жылдан тартып көтөрүлө турган бааларды жокко чыгаруу, азыркы өкмөттү толук курамы менен отставкага кетирүү, энергетика тармагын кыйроого алып келген мурдагы аткаминерлерди жазалоо талабы жазылып, президент К. Бакиевге жолдонду. Мындан тышкары Коомдук парламент электр энергиясына, элди социалдык жактан камсыздоо, менчик, насыя акчаларга байланыштуу 32 суроого жооп берүүсүн өкмөт мүчөлөрүнөн талап кылуу менен бул суроолорду Жогорку Кеңештин отурумуна алып чыгууну сунушташты.

Коомдук парламенттин бүгүнкү отурумуна жарандык коом өкүлдөрү, ЖК депутаттары, премьер-министрдин орун басарлары, социалдык камсыздоо агенттигинин башчысы чакырылган. Бирок расмий өкүлдөр жыйынга келген жок.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG