Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Абхазия менен Науру дипломатиялык мамиле түздү


Абхаз борбору Сухумиде Абхазия менен Науру республикаларынын тышкы иштер министрлери өз ара дипломатиялык мамилелерди түзүү туралуу келишимге кол коюшту. Абхаз президенти Сергей Багапш Сухуми үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер менен мамиле кылуу өтө маанилүү экенин билдирди. Науру – Тынч оекандын батыш тарабындагы кымындай мамлекет. Ал дүйнөдөгү эң кичинекей эгемен республика. Абхазия болсо Грузиянын курамынан бөлүнүп алганын жарыялаган, бирок анын эгемендигин Орусиядан тышкары Венесуела менен Никарагуа гана тааныган. Кошмо Штаттары менен Евробиримдик жакында жикчил Абхазияда өткөн акыркы президенттик шайлоону тааныбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG