Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

“Ош шамы” гезити жаңы жылга белек катары ок жана эскертүү алды


“Ош шамы” гезитинин баш редактору Тургунбай Алдакуловдун “Азаттыкка” кабарлашынча, бүгүн саат 11.00 ченде белгисиз адамдар редакцияга жаңы жылдык баракча таштап кетишкен. Ичин ачышканда атыла элек ок жана компьютерге терилген кагаздар табылган. Куттуктоонун ордуна “Муну жыттагылачы, билесиңер. Бул мээңерди тазалаганга өтө таасир этүүчү «дары». Силер бутада турганыңарды унутпагыла. Ошондуктан, ойлонгула! Биз менен ушунчалык бааланганыңар жетишет!” деп жазылган. Шаардык басылманын жамааты муну журналисттерди коркутуу, сөз эркиндигин тыюу катары баалоодо. Анткени соңку учурда “Ош шамында” бийликтеги адамдарды сындаган макалалар көбүрөөк жарыяланууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы азырынча жогорудагы фактыны комментарийлөөдөн баш тартты. (АТо)

XS
SM
MD
LG