Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Кабулдагы жардырууга Талибандын тиешеси жок


Ооган борбору Кабулда автомашина айдаган жанкечти жасаган жардыруудан 8 адам каза таап, 40тай адам жаракат алды. Жардыруу мейманкананын жанында жасалды, анын айланасында өкмөттүк жана чет элдик уюмдардын кеңселери бар. Ооган президенти Хамид Карзайдын айтымында, жардыруу мурдагы биринчи вице-президент Ахмед Зия Масуддун үйүнүн жанында болду, каза тапкандардын арасында анын күзөт кызматынын эки сакчысы бар. «Азаттыктын» ооган кызматына чалган адам жардырууну «Талибан» жасады деп билдирген эле, бирок ал маалыматты кийин талиптер четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG