Бүгүн НАТОнун баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен Москвага барып, орус жетекчилиги менен жолугушат. Президент Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдө Расмуссен “Орусия ооган аскер күчтөрүн даярдоо жана аларды керектүү техника менен камсыздоодо кандай жардам көрсөтө алаарын” макулдашат.