Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

БУУнун баш-катчысы Копенгагендеги саммитте араздашууга эмес, кызматташууга чакырды


Баш-катчы Пан Ги Мун өзү Копенгагенде өтүп жаткан эларалык конференцияга кечээ барды. Ушул аптанын башында өнүгүп жаткан өлкөлөр “абага булганыч газды өнүккөн өлкөлөр көбүрөөк чыгарышат, демек алар ошого араша жоопкерчиликти да көп алышы шарт” деп, саммитке катышуудан баш тартышкан эле. Пан Ги Мун азыр эми сүйлөшүүлөрдө тараптар бири-бирин каралай бергенди токтотуп, кантип климатты сактап калуунун жолдорун ойлонушу керек деди. "Жакыр мамлекеттерге мында акчалай колдоо көрсөтүү башкы маселе болуп калмакчы, - деди Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун. - Ошондуктан өнүккөн мамлекеттер алдыдагы үч жыл бою жакыр мамлекеттерге 10 млрд.доллардан жылына колдоо кылып туралы деп жатышканын сүйүнүч менен кабыл алдык".

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG