Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

ИИМ: А.Евграфовго кол салуу боюнча иликтөө жүрүүдө


ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче учурда “БалтИнфо” маалымат агенттигинин кабарчысы Александр Евграфовго милиция формасындагы адамдар тарабынан кол салуу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Орусиялык массалык маалымат каражаттары тараткан кабарга караганда, 15-декабрда “Балт ИНфонун” Кыргызстандагы кабарчысы Александр Евграфовду милиция формасын кийген адамдар кармап, уруп, “Кыргызстан жөнүндө жаман нерсе жазсаң сени таап алабыз” деп коркутушкан. Журналист өзүнө карата болгон мындай кол салууну Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуяларды чагылдыруу боюнча профессионалдык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG