Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

“БалтИнфо": А.Евграфовго кол салуу - анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу


Бул туурасында “Азаттыкка” “Балт Инфо” маалымат агенттигинин шеф-редактору Владислав Краев билдирди. “Александр Евграфов Борбор Азия мамлекеттериндеги абал туурасында кабар, макалаларды жазып жүргөн. Ал Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин интервьюсун да жарыялаган болчу. Менимче, Евграфов кайрылган темалар Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнүн арасында кимдир бирөөнүн кыжырын келтире баштаган. Ошондуктан анын профессионалдык ишмердүүлүгүнө жолтоо болуу үчүн кол салуу болду”, дейт Краев.

Орусиялык массалык маалымат каражаттары бүгүн “Балт Инфонун” Кыргызстандагы кабарчысы Александр Евграфовду 15-декабрда милиция формасын кийген адамдар кармап, уруп, “Кыргызстан жөнүндө жаман нерсе жазсаң сени таап алабыз” деп коркуткандыгын жазып чыгышкан.

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда “БалтИнфо” маалымат агенттигинин кабарчысы Александр Евграфовго милиция формасындагы адамдар тарабынан кол салуу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG