Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Коммунисттердин депутаттык фракциясы 2010-жылга республикалык бюджеттин долбоорун карашты


Бүгүн Кыргызстандын коммунисттери депутаттык фракциясы «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга прогноз жөнүндө» мыйзамдын долбоорун карашты. 2010-жылга республикалык бюджеттин долбоору боюнча маалымат берген каржы министринин орун басары А.Нишанов электр кубатына болгон баалар өскөндүгүнө байланыштуу социалдык пакетте 3 млрд. 400 млн. сом акчалай каражат, ал эми социалдык коргоо багытында дагы 9 млрд. сом каралгандыгын билдирди.

Фракция мүчөлөрү талкуу учурунда билим берүү багытына бөлүнгөн каражаттын аздыгы, саламаттыкты сактоо, анын ичинде Гематология институтунун өтө начар абалына каражат караштыруу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Фракциясынын лидери Исхак Масалиев мыйзам долбоору боюнча таркатылган материалдарда Кумтөр алтын кени, Транзиттик борбор сыяктуу каражат булактары, алтын баасынын өсүшүнүн таасири туурасында маалыматтар жоктугун сынга алды. Жыйындын соңунда «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга прогноз жөнүндө» мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу чечимине келишип, экинчи окууда жогоруда айтылган сын-пикирлер боюнча толук маалымат берүү табышталды.(AzK)

XS
SM
MD
LG