Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Т. Ишемкулов: Желтоксон окуясында кыргыздар да козголгон


1986-жылы 17-18-декабрда Казакстанда болгон улуттук каршылык акциясы
1986-жылы 17-18-декабрда Казакстанда болгон улуттук каршылык акциясы

Казакстандагы Желтоксон окуясы тууралуу профессор, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Тилектеш Ишемкулов "Азаттыктын" обосунда маектешти. 1986-жылы дал ушул күнү Алматыда жергиликтүү жаштардын массалык нааразылык толкуну башталган. Желтоксон козголоңу совет империясынын кыйрашына жана улуттук көз карандысыздыкка жол ачкан окуялардын бири катары бааланат.

-Желтоксон козголоңуна эмне түрткү болгон?

- Эгерде кыска айта турган болсок, ар бир улуттук кыймылдын, улуттук козголоңдун алдын ала себептери болот. Мен үч эле мисал айтайын. Мисал үчүн 1848-жылы Маркс өзүнүн эмгегинде коммунизмдин сөлөкөтү Европаны аралап жүрөт деп жазган. Ошондо Франциянын революциясы пайда болгон.

Экинчиси, 1905-жылы орустун биринчи буржуазиялык революциясы болордун алдында М.Горький өзүнүн “Бороончунун кабары жөнүндө ыры” дегенде "Бороончу кайкалап асманда жүрөт, жакында өзгөрүү болот" деп айткан. Эгерде ушул өңүттөн алып карай турган болсок, 1986-жылкы декабрь айындагы Алматыда болгон чоң жүрүш улуттук интеллигенциянын, өзгөчө жаштардын, уландар менен кыздардын жүрүшү, Москванын үстөмдүк кылган саясатынан тажап, чыдабай жарылып кеткенден келип чыккан өзүнчө чоң көрүнүш болуп эсептелет.

Тарыхый жактан дагы, философиялык жактан да алып караганда илим изилдөөчүлөр, саясат таануучулар, социологдор муну бүт бойдон актап чыгышты. Эртеби-кечпи ушундай окуя боло турган деп бир нече эмгектеринде жазылып, бул өзүнчө талашсыз экендигин жана турмушта орун ала тургандыгын көрсөттү.

- Желтоксон окуясы азыркыга чейин толук иликтенип, өзүнүн адилет баасын ала элек деп айтылып жүрөт. Сиз буга кошуласызбы?

- Жок, мындай болгон. Адилет баасын алды. Казактын окумуштуулары дагы айтып атат, бирок мындай чоң окуялар дайыма эле талаш-тартышты жарата берет да. Аны чекит коюп туруп, мына бүттү, мындан ары сөз козгобойбуз деп айтыш такыр болбойт.

Кайсы өлкөдө болбосун, кандай шартта болбосун, кандай экономикалык-cоциалдык түзүлүштөрдө болбосун, ал жашай бере турган көрүнүш. Мунун бирден бир себеби Москванын жетекчилиги, башкача айтканда партиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен негизги жетекчи кызматкерлер, Казакстан Компартиясынын биринчи секретары баш болуп Динмухаммед Кунаевди тактадан түшүрүп туруп, анын ордуна Колбин деген кишини алып келген.

Ошондо эл чыдабай кеткен, эмне биздин өзүбүздөн табылбайбы, СССРдин аймагын ээлеп турган, эли-жери кеңири болгон Казак Республикасынан улутунун ичинен жарай турган Борбордук Комитеттин биринчи жетекчиси чыкпайбы. Башка дагы, мындайча айтканда, чечүүчү мамлекеттик орундарга, саясий орундарга Москванын десанттары келип отуруп алган.

Мындай көрүнүш бизде да болгон, өзүңөр билесиңер. Ошого чыдабай кеткен казактын акыл-эстүү алдынкы интеллегенция өкүлдөрү чыгып атпайбы. Аларды фашисттик методдор менен уруп-сабап, ур-токмокко алып, кыштын кыраан чилдесинде муздак суу менен аттырып, баарын тоңдуруп, бир нече кишилерин жан таслим кылып, калгандарын түрмөгө тыгып, коркутуп-үркүткөн.

Москва мындай саясаттан ойлогон да, эгерде ушундай көрүнүштөр башка улуттук союздук республикада чыгып кетсе биздин шоурубуз катат деп. Буларга мисал болуш үчүн, буларды коркутуш үчүн, башка союздук республикаларда ушундай чыкпаш үчүн атайлап ушундай кадамга барып казактын жаштарын ур-токмокко алган.

- Ошол 86-жылдары Кыргызстанда улуттук көз карандысыздык боюнча көз караш, маанай кандай эле?

- Ал учурда мындай деңгээлге жеткен эмес. Бирок анча-мынча үрүл-бүрүл кыймылдардын алгачкы гүлдөрү ачыла баштаган. Ушунун бир гана себеби, биздин жүздөгөн алдыңкы саптагы жаштарыбыз, улан-кыздар автобуска түшүп алып казак борлорго жардам беребиз деп бардыгы чыккан да жалпы-жапырт.

Мына ушунун өзүнөн эле көрүнүп турбайбы, демек мунун таасири бизге тийип, акырындык менен ушундай пикирлер бизде да уялай баштагандыгын көрүнүшү. Бирок атайын милиция топтору, ОМОНдор, бардыгы Кордой капчыгайынан баштап алардын баарынын жолун тосуп, коркутуп-үркүтүп кайра артка кайтарган.

Анча-мынча кишилер аларды алдап өтүп барышып, жок эле дегенде бизден 120га жакын алдынкы улуттук өкүлдөрүбүз ошол окуяларга барып катышып, казак боорлорго жардам бергендиги бул далил.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG