Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:48

Иран "Саджиль-2" деп аталган ракетаны сынады


Иран "Саджиль-2" деп аталган орто аралыктагы өркүндөтүлгөн ракетаны ийгиликтүү сынаганын айтууда. Мамлекеттик Иран телеканалы анын кандай жүргөнү тууралу кенен айткан жок. "Саджиль-2" бир миң эки жүз чакырымга жете алат, демек, бул Израиль менен Перс булуңундагы АКШнын аскер базасына жетет дегенди түшүндүрөт. Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун бул окуяны тынчсыздана турган көрүнүш катары баалап, өзөктүк куралдары боюнча эл аралык коомчулук менен иштешпей келаткан Иранга каршы санкция киргизүүнү туура деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG