И.Хайрутдинов атындагы жаштар арасындагы бокс боюнча эл аралык турнир Алмата шаарында өттү. Кыргызстандын Бокс боюнча федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, финалдык таймаштар бүгүн жыйынтыкталды. Кыргызстандын курама командасынын 3 мушкери Руслан Калилов, Даанышман Самаган уулу жана Нурдин Маткасымов өздөрүнүн салмак категориясында алтын медалдарды жеңип алышты. Дагы эки спортчу үчүнчү орунга татыктуу болушту.(AzK)