Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:39

Копенгагенде нааразылык акциясы болуп атат


Копенгагенде жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Алар Улуттар уюмунун климаттын өгөрүшү боюнча жыйыны олуттуу бир жыйынтыкка келе албаганына нааразылык билдиришүүдө. Бийликтердин маалыматы боюнча, полиция жыйын өтүп жаткан имаратка бараткан демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. 100дөй адам камакка алынды. Жыйындын катышуучулары жума күнгө чейин абаны булгоону азайтуу боюнча бир жыйынтыкка келиши керек. Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бирин-бири күнөөлөп, ишти созо турган учур өткөнүн айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG