Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Баткенде Мамат Айбалаевдин колдоочулары үч күндөн бери митингде турушат


Облустук акимчиликтин астына чогулган 60-70 тей киши “Бизге Бакиевдей президент, Айбалаевдей губернатор” деген ураан менен турушканына бүгүн 3 күн болду. Жыйындын катышуучулары аймакта жашоо шарт, чек ара маселелери, суу көйгөйү оорлоп кетти, ошондуктан бул багытта жакшы иш алып барып, элге көрүнгөн мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди кайрадан облуска жетекчи болуп дайындоону Президенттен суранышууда. "Мамат Айбалаевди Баткен облусуна жетекчи кылып дайындап берүү жагын суранып 3 күндөн бери 100-200 дөй киши турабыз, бирок маселе президентке жетпей, маселебиз чечилбей жатат",- дейт үч күндөн бери областтык акимчиликтин астында турган Ганы Марданов. Чогулгандарга губернатордун биринчи орун басары Асамидин Айдаралиев чыгып, "губернаторду дайындоо жергиликтүү бийликтин колундагы маселе эмес, бирок талабынарды Ак үйгө жеткиргенбиз" деп жооп берди. (JsA)

XS
SM
MD
LG