Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Жалал-Абадка көгүлтүр отун келбей калды


Облус борборуна газ берүү кечээ түнү токтоду. Анын өчүшүн газ башкармасынын орунбасары Акрам Нарбаев карызга байланыштуу Өзбекстан чектөө киргизгендиги менен байланыштырды. 60 миллион сомдой облус карызынын 55 жарым миллиону Майлуу- Суу шаарына таандык. Шаардагы электр шамдарын өндүрчү завод 54 милион сомдук карызын төлөөгө аракеттенүүдө. Жалал-Абаддын көп кабаттуу үйлөрүндө жашагандар эми электр тогунун өчпөөсүн тилешүүдө. Эмки жылдан электр бааларынын кымбатташына нааразы жана электр жабдууларынын эскиргендигинен баа көтөрүлгөнүн түшүнгөн жарандар бар. (YA)

XS
SM
MD
LG